7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Катар мамлекети Кыргызстандын айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыктар

829
 Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Джаныбеков бүгүн, 13-августта, Катар мамлекетинин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Ахмед Абдулла Салех Аль-Сулайтини кабыл алды.
Элчи Абдулла Ахмед Абдулла Салех Аль-Сулайти министрге 2023-2024-жылдары Катардын Доха шаарында өтө турган “ЭКСПО-2023” эл аралык көргөзмөсүнө расмий чакыруу тапшырды.
Ошондой эле, Катар Кыргыз Республикасынан айыл чарба азыктарын экологиялык жактан экспорттоого кызыктар экенин билдирди.
«Кыргызстанда Катар мамлекетине экспорттоо үчүн органикалык айыл чарба продукциясынын жетиштүү көлөмү бар, айрыкча бал менен эт», — деди Аскарбек Жаныбеков.
Өз кезегинде Катар элчиси Абдулла Ахмед Абдулла Салех Аль-Сулайти жолугушуу үчүн министрге ыраазычылыгын билдирип, ошондой эле келечекте кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө үмүтүн билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

830