7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  

Курсы валют:

84,83
USD 0,00%
99,55
EUR 0,00%
1,16
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
23°C

Жапаров Эрдоганга селдин кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

346

Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясында жүргөн селден улам каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз эли кырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт. Табигый кырсыктан жабыркагандардын баарынын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайт. Жараткандан боордош Түркиянын учурдагы оор абалдан тезирээк чыгуусун тилейм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

347