7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токио Олимпиадасынын эң жаш чемпиону 41 млн доллардан баш тартты

5956

Токиодо өткөн жайкы Олимпиадада 10 метр бийиктиктен секирүү боюнча алтын медалдын ээси, кытайлык спортчу Цюань Хунчандын үй-бүлөсү 41 миллион доллардан (3 миллиард сомдон ашык) баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаш спортчу «Токио-2020» Олимпиадасында жеңишке жеткенден кийин анын максаты төрт жыл мурун кырсыкка кабылган апасына жардам берүү үчүн акча табуу экендигин айткан. Спортчунун бул сөзү өлкөдө резонанс жараткан. Анын үй-бүлөсүнө мындай суммадагы акчадан тышкары оюн-зоок парктарына өмүр бою бекер кирүү, апасына клиникада акысыз медициналык жардам көрсөтүү, турак-жай жана бир катар белектер сунушталган. Анткени менен Цюань Хунчандын атасы Вэньмао сунушталган бардык жардамдардан баш тарта турганын айткан. Ал провинцияда апельсин өстүрүп, дыйканчылык менен алектенет.

«Бизге көңүл буруп, жардам сунуштагандардын баарына рахмат. Бирок мен бир тыйын да ала албайм», — деген Вэньмо.

Хунчань Олимпиаданын эң жаш спортчусу болгондуктан жана өзүнүн интервьюсунда үй-бүлөсүндөгү абалды ачык айткандан кийин анын күйөрмандары кескин көбөйүп кеткен. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5957