Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абаддын айрым айылдарын суу каптап, куткаруучулар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
ӨКМдин маалыматына караганда, кар эрий баштагандыктан, кокту-колоттон аккан суу арыктардан ашып, турак үйлөрдүн короолорун каптап жатат.
Суу каптаган айылдарга атайын техника, куткаруучулар тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.