Бүгүн, 25-мартта саат 09:30да Жайыл районундагы «Сосновка» жана Токтогул районундагы «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Күн мурун Бишкек–Ош унаа жолунда жол тайгак жана бороон болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана жол тыгындарын болтурбоо максатында жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.