24-мартта А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан эски көрүстөндү коомдук муктаждыктар үчүн кайра пайдалануу максатында рекультивациялоо боюнча иштер башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдирди.
Мында, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаарынын казысы Мирлан ажы Токтомушев, Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар чогулуп, жалпы маркумдарга дуба окулуп, курмандык чалынды. Тиешелүү кызматтар тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, “Акгөр” көрүстөнү мындан 73 жыл мурун жабылган жана анын жалпы аянты 19 сотыхты түзөт.