УКМК чет өлкөлүк жарандар үчүн Кыргызстанга кирүү визаларын мыйзамсыз даярдаган каналды аныктады.
Кылмышка шектүү катары Пакистандын жараны кармалган. Ал 14 мекендешинин ишенимине кирип тиешелүү документтердин баарын берүүнү убадалаган.
Шектүү 17 жылдан бери Кыргызстанда жашап келген, бул абалын ал өлкөдө тиешелүү байланыштары бар экенин жана мекендештерине электрондук виза (E-Visa) бере аларын ырастоо үчүн колдонуп, жабырлануучулардан 1 миллион сомдон ашуун акча алган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренесинин негизинде шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар тараптарды жана ушул сыяктуу учурларды аныктоо иштери уланууда.