7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каза болгон «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине акчалай жардам көрсөтүлөт

392

Бүгүн, 2025-жылдын 30-декабрында, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү бөлүнгөн жерди тазалап бүтүп, жумуш убактысы аяктагандан кийин саат 8:00-8:30 чамасында үйлөрүнө бара жатып, техникалык каналга чөгүп кетишкен.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев окуя болгон жерге дароо барды.

Мэр бул окуяны өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле болгон кырдаалды ыкчам жана ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Издөө иштеринин жыйынтыгынан кийин, каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө «Тазалык» ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Аталган кырдаал Бишкек шаарынын мэринин жеке көзөмөлүндө.

393