“Казак” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-ноябрга караган түнү Ош шаарындагы караоке-клубдардын биринде бир нече адам эки жигитти бычак менен коркутушуп, сабашып, андан соң кылмыш болгон жерден изин жашырып кетишкен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Мурда бир нече жолу соттолгон жана криминалдык чөйрөдө “Казак” каймана аты менен белгилүү болгон 41 жаштагы жаран өзүнүн шериги 37 жаштагы Б.С. менен Ош шаарынын аймагынан кармалышты.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.