7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада 8,5 млн сомдук темир жол мамлекеттин балансына алынды

421

Ысык-Атада 8 млн 595 миң 605 сомду түзгөн темир жол мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз транспорт прокуратурасы тарабынан «Кыргыз темир жолу «УК» МИнин, «Кадастр» МИнин Ысык-Ата филиалынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтү менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө Ивановка станциясынын аймагында «С» ЖЧКсы пайдаланып келген узундугу 1182,5 метр болгон №200 жана узундугу 59 метр болгон №201 жалпы эмес пайдалануудагы темир жолдору аныкталган.

Бирок, “С” ЖЧКсында бул темир жолдоруна болгон укугун ырастай турчу укук белгилөөчү документтери жок болуп чыккан. Ошондой эле Ысык-Ата районунун «Кадастр» МИ филиалынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айыл өкмөтүнүн маалыматтары боюнча бул темир жолдордун менчик ээлери тактала элек.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасына көзөмөл органы тарабынан прокурордук талап келтирилип, сметалык баасы 8 млн 595 миң 605 сомду түзгөн №200 жана №201 темир жолдору “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын балансына алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

422