Кызыл-Кыя шаарынын 63 жаштагы жашоочусунун үйүнөн баңгизат табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну 63 жаштагы Б. Т. жашаган турак үйүнөн жана анын кийип турган кийиминин чөнтөгүнөн жашыл түстөгү баңгизатка окшогон өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 45 граммга жакын зат табылып алган.
Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык, баңгизаттын “марихуана” түрү экендиги аныкталды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.