7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстан Кыргызстанга беш тепловозду акысыз өткөрүп берди

287

Казакстан Кыргызстанга 5 тепловозду акысыз өткөрүп берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Нооруз майрамынын алдында казак боордошторубуздун белегин кабыл алдык. Президентибиз Садыр Жапаровдун эл аралык мамилени жаңы деңгээлге көтөргөнү, тышкы саясатты жолго коюп, кошуна боордош элдер менен жылуу мамиле куруу саясатынын алкагында бир топ ийгиликтер болуп жатат.

2024-жылдын декабрында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында жетишилген келишимдин негизинде Казакстан Кыргызстанга 5 тепловозду акысыз өткөрүп берди», — деп жазды ал.

Орунбеков белгилегендей, тепловоздор «Кыргыз темир жолу» ишканасына балансына өттү. Алардын экөө магистралдык, үчөө маневрдик тепловоз болуп, жүк жана жүргүнчү ташууда, ошондой эле бекеттердеги кыймылды уюштурууда колдонулат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

288