Кечээ, 20-март күнү футбол боюнча Кыргызстандын Улуттук курамасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында конокто Өзбекстан курамасы менен кез келди. Беттеш Ташкент шаарынын «Бунедкор» стадионунда орун алды. Оюндун 24′ минутасында коргоочу Саид Дациев кызыл айып кагазын алып, алгачкы тайм оюн талаа ээлеринин 1-0 эсебиндеги пайдасында (голдун автору-Хожиакбар Алижонов, 40′) аяктады. Бул эсеп саны, тилекке каршы, өзгөргөн жок. Ошентип курамабыз беттештин жарымынан көп убактысын бир оюнчуга кем өткөрүп, Өзбекстан курамасынан жеңилүү ызаасын тартты (0-1).
Белгилесек, стадионго 700 ашуун кыргызстандыктар барып колдошсо, борбор калаада уюштурулган фан-зона 6000 адамды чогултту.
Эске салсак, үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.
Акшумкарлар кийинки беттешин өз оюн талаасында 25-март күнү учурдагы Азия чемпиону — Катарга каршы өткөрөт. Беттеш борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда саат 19:45те орун алат.