Бишкекте “Ой-Ордо” эксперттик демилгелер борборунда биологиялык коркунучтарды ошондой эле Кыргызстандын улуттук жана аймагындагы биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы бул кызматташтык тууралуу Kazinform агенттигинин кабарчысына маалымат берди.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, эки өлкө коопсуздуктун бардык түрлөрү боюнча анын ичинде биологиялык коркунучтарга каршы аракеттенип жатканын баса белгиледи.
— Биз казакстандык кесиптештерибиз менен активдүү кызматташып жатабыз. Бул жылы эки жолу биргелешкен жолугушуулар болуп өттү. Алардын бири Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын суу-энергетика маселелери боюнча жыйындын алкагында болуп, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Кечээ күнү Түркстанда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 3-жыйыны болуп, анда Борбордук Азия жана Түрк мамлекеттер уюмунун чөлкөмүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды», — деп билдирди.
Марат Иманкулов өлкөлөр ортосунда тынымсыз маалымат алмашуу болуп жатканын айтты.
— Биз Казакстан менен мамлекеттерге келүүчү коркунучтардын алдын алуу үчүн кандай биргелешкен аракеттерди көрүү керектиги жөнүндө жалпы түшүнүккө ээ мамлекетбиз. Бул жолугушуулар оффлайн, онлайн да форматында өтсө болот», — деди ал.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча Республикалык борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев Казакстан менен Кыргызстан биологиялык коопсуздук маселелер боюнча советтик мезгилден бери кызматташып келе жатканын, ошол кезден тарта кадрларды даярдоо жаатында өз ара аракеттер болгонун белгиледи.
— Алматыдагы Орто Азиянын чума оорусуна каршы илимий-изилдөө институтунда башталгыч даярдык болбосо, биз адистерди жумушка ала алмак эмеспиз. Биздин базада кадрларды даярдоо Казакстандан келген адистердин тобу менен бирге жүргүзүлдү. Постсоветтик мезгилде биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү тажрыйбасы бар болчу. Бүгүн биз мындан да тыгыз кызматташуу маселесин көтөрүп жатабыз», — деген комментарий билдирген Нурболот Үсөнбаев.
Ошондой эле, быйыл Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар боюнча Республикалык борбору жана М.Айкымбаев атындагы Өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча улуттук илимий борбордун ортосунда өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюуга даярданып жатканын билдирди. Кызматташуу илимий-изилдөө, билим берүү жана биргелешкен изилдөөлөрүнүн багыттарында болот.
— Биздин борбордо кайра уюштуруу процедуралары жүрүп жаткандыктан, документке кол коюу убакыты жылдырылды. Ушул жылы меморандумга кол коюу болот деген үмүттөбүз», — деп түшүндүрдү.
Үсөнбаевдин айтымында, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алдында жооптуу атайын көп тараптуу органын – Эл аралык биологиялык коопсуздук агенттигин түзүү демилгесин расмий түрдө колдойт.
Кыргызстан 2025-жылы Казакстандан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна, ошондой эле ЖККУга мүчө-мамлекеттердин биологиялык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын Координациялык кеңешине төрагалык кылууну кабыл алат. Эксперттин айтымында, Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында келерки жылга боло турган иш-чараларынын планы иштелип чыгат, анын ичинде биологиялык коркунучтарга каршы туруу гана эмес, жалпысынан ЖККУнун ишмердүүлүгү да камтылган.
Эл аралык маселелер боюнча эксперт Байкадам Курамаев Кыргызстандандын жана Борбордук Азияда биологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-аракеттерин талкуулоо учурунда бул жаатта эл аралык кызматташуу тууралуу айтты.
— Буга чейин Казакстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн тегерек столдордун аркасында үстүбүздөгү жылдын июль айында “Ой ордо” Экономикалык изилдөө борборунун эксперттери, ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери казак тараптын чакыруусу менен Алматы шаарындагы М.Айкимбаева атындагы Өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча улуттук илимий борборго барды. Мында алар борбордун иштөө шарттары, ишмердүүлүгү жана биологиялык коргоонун жогорку деңгээлдеги BSL-3 Борбордук референттик лабораториясынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Мындай жолугушуулар Covid-19 себепкер болгон терс кесепеттерди болтурбоо үчүн эксперттерге тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп жатканы кубандырат», — деп жыйынтыктады Байкадам Курамаев.
Буга чейинки маалыматтарда Казакстан менен Кыргызстан өзгөчө глобалдык коркунучтуу инфекцияларга каршы биргелешип күрөшөрүн жазганбыз.