Казакстанда Алихан Смаилов жетектеген өкмөт отставкага кетти. Тиешелүү жарлыкка Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
Спутник Казакстандын маалыматына ылайык, учурдагы биринчи вице-премьер Роман Скляр өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин милдетин аткарат.