Депутат Шаирбек Ташиев электрондук тамеки чегүүгө толугу менен тыюу салууну сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети болуп жаш жарандардын ден соолугун жана бакубатчылыгын камсыздоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашынын жана терс өнөкөткө көнүүнүн алдын алуу үчүн аларды электрондук сигареттерди колдонуудан коргоо саналат.
- Электрондук тамекилерди колдонуу – жеке жактарга 400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
- Электрондук тамекилерди сатуу — жеке жактарга 500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
- Электрондук тамекилерди ташып келүү — 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.