Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Тараптардын жолугушуусу жетишилген макулдашууга ылайык бул ирет үстүбүздөгү жылдын 30-январынан 5-февралына чейинки аралыкта Баткен облусунун Баткен шаарында болуп өттү.
Жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты. Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Таджикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.