7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда келин тамак сураган кыздарын муунтуп өлтүргөн

906

Казакстандын Темиртау шаарынан 15 мүнөт алыстыкта ​​жайгашкан Гагаринское айылында эки кичинекей баланын өлтүрүлүшүнүн жаңы чоо-жайы белгилүү болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, окуя 4-апрель күнү болгон. Кичинекей кыздар ачка болгон. Апасы эки жашар Миа менен төрт жашар Каринаны дагы бир жолу тамак сураганда муунтуп өлтүргөн. 21 жаштагы келин үчүнчү кызына тийген эмес, ал болгону 6 айлык болгон.

Аял кечке чейин чогуу жашаган кишини күтүп отурган. Ал жумуштан келгенде балдардын төшөктө жаткан денесин көрсөтүп, эч себепсиз каза болгонун айткан. Алар полицияны да алдап, кыздардын тамакка ууланганын айтышкан. Полиция алардын акыркы жолу эмне жегенин билүү үчүн ашканага барганда, тамак түгүл нандын күкүмү да болгон эмес.

907