7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда Түркмөнстандын помидорунан вирус табылып, убактылуу ташууга тыюу салынды

2749

Казакстан Түркмөнстандан помидор жана калемпир алып келүүгө убактылуу тыюу салды. Министрлик тараткан билдирүүдө бул чара помидор жана калемпирден карантиндик организмдер табылган учурлар көбөйгөнүнө байланыштуу кабыл алынганы белгиленген. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министрлиги билдирди.

Карантиндик-фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлгөн учурда Түркмөнстандан келген помидорлордон вирус (Tomato brown rugose fruit virus (ToBRFV) табылган 19 учур катталган.

Казакстан Түркмөнстанга карантиндик-фитосанитардык талаптар бузулганы жөнүндө кат жөнөткөн.

Буга чейин Орусияда да Түркмөнстандан келген помидорлордон вирус табылган. Буга байланыштуу орус бийлиги ондогон тонна томаттарды жок кылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2750