7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда жоголгон кыз-жигит Кыргызстандан табылды

594

Казакстандын Тараз шаарында дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы бала менен 16 жаштагы кыз Кыргыз өлкөсүнөн табылды. Алар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөнүн казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгоной, 23-мартта 45 жаштагы Тараз шаарынын тургуну уулунун дайынсыз болуп жатканы боюнча арыз менен милицияга кайрылган. 22-марттан 23-мартка караган түнү өспүрүм үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Атасы баласы үйдөн чыгардан мурда телефонуна билдирүү келгенин айткан.

Апасынын айтымында, жигиттин жанында уюлдук телефону жана бир аз акчасы болгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө өспүрүмдүн качып кеткенине үй-бүлөлүк чыр-чатак себеп болгону аныкталган. Тагыраагы, ата-энеси ага сүйлөшкөн кызы менен байланышууга тыюу салган. Мындан улам сүйлөшүп жүргөн өспүрүмдөр чогуу качып кетүүнү чечишкен. Жашы жете элек балдарды издөөгө Жамбыл облусунун шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар тартылган.

Эки аптадан кийин Кыргыз укук коргоо кызматкерлери аларды темир-тезектерди чогултуучу жайдан табышкан. Эки өспүрүм ушундай жол менен акча таап жүрүшкөн. Алар дайындарын билдирбеш үчүн чачтарын кара түскө боёп алышканы да белгилүү болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595