7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абакта жаран ич кийиминен аркан жасап, муунуп өлүүгө аракет кылган

780

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 9-апрель күнү эрте менен 6.30 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурган жаран өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган.

«Ал ич кийиминен аркан жасап, жылытуучу трубага асынып, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Аны постто турган милициянын пропорщиги Жанарбек Ибрагимов байкап калып, башкармалыктын нөөмөтчүсүнө билдирген. Натыйжада нөөмөтчү милициянын подполковниги Жылдызбек Макамбаев жана посттогу милиционер, милициянын пропорщиги Жанарбек Ибрагимов экөө тез арада эсин жоготкон шектүүгө жасалма дем алдыруу аркылуу анын өмүрүн сактап калышкан. Милиционер кызматкерлеринин ыкчам, кесипкөй аракети, оор кырдаалда жарандарга жардам көрсөтүү ыкмаларын билгендиги жаранды өлумдөн алып калды. Андан соӊ тез жардам кызматына өткөрүп беришкен
Учурда өзүн өзү өлтүрүүгө шектүү жарандын абалы жакшы, өз алдынча дем алууда. Дарыгерлердин жана конвоирлердин көзөмөлүндө дарылоо мекемелеринин биринде жатат.
Шектүү 1992-жылы Токтогул районунда туулган, Россия Федерациясынын жараны. Ири салмактагы наркотикалык зат алып жүргөн жеринен Жалал-Абад облусунун аймагынан аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

781