7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда жыйын учурунда чиновникти кармап кетти

478

5-февралда Шымкент шаарынын акиминин жетекчилиги астында акимчиликте өткөн жыйында чиновник кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Жыйындын жүрүшүндө аким коррупция темасын көтөрүп, акимчиликтин бардык кызматкерлери чынчыл эмес экенин айтты.

«Акимчиликтин кызматкерлеринин арасында чынчыл адамдар көп, бирок коррупционерлер да бар. Канча жолу эскерттим… Кесиптештер, мени туура түшүнгүлө, башка аргам жок. Мен силерден 5 айдан бери суранып жатам»,- деди аким.

Облус жетекчисинин сөзүнөн кийин шаардык коррупцияга каршы комитеттин башчысы айрым кызматкерлерге суроолору бар экенин билдирген.

Жыйынды коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери үзгүлтүккө учуратып, залга кирип, чиновниктердин бирин алып чыгышты. Ал Шымкент турак-жай башкармасынын начальнигинин милдетин аткаруучу болуп чыкты. Буга чейин чиновник шаардын сейсмикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн бөлүнгөн 120 миллион теңгени уурдаган деп шектелген. 

479