«Болот» соода-базар комплексинин ээсинин курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактагандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кочкор районундагы «Болот» соода-базар комплексинин ээси — Кочкор райондук кеңешинин мурдагы депутаты Б.Б.нын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар, ок-дарылар жана соода-базар комплексине тиешелүү документтер табылды. Ошондой эле, анын наамына берилген ИИМ кызматкеринин 2 күбөлүгү, Кочкор айылдык кеңешинин депутатынын бир күбөлүгү жана «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын техникалык паспорту да табылган.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын январь айында соода-базар комплекстеринде чарба жүргүзүүчү субъектилерге ылайыктуу шарттарды түзүүдө тийиштүү мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө “Болот” соода-базары комплексинин администрациясы тарабынан алдамчылык фактылары аныкталган.
Аталган жаран сатуу-сатып алуу келишимин жана башка укуктук документтерди түзбөстөн, ишкерлерге соода жайларын 70 миң сомдон 130 миң сомго чейин сатып жибергендиги ачыкталган.
Муну менен катар, ал коммерциялык жайларды сатканына карабастан, карамагында бүтүндөй базардын жер тилкелери бар деген шылтоо менен контейнерлерди сатып алган ишкерлерден ушундай эле белгиленген ижара акысын өндүрүүнү уланткан. Мындан тышкары, жеке контейнерлер кандайдыр бир себептер менен бош туруп калган учурда, ишкерлерден ижара акысын алуу улантылган. Андан соң ал ижарага карызын топтоп жатат деген шылтоо менен ишкерлерден контейнерлерди тартып алып, соодагерлер бул соода түйүндөрүндө сатып алуулар үчүн акча төлөп жаткандыгына көңүл бурбастан, өзүм билемдик менен кайра сатып же башкаларга ижарага берген.
Аталган соода комплекстеринде ишкерлердин нормалдуу иштеши үчүн зарыл шарттар түзүлгөн эмес. Соода жана оюн-зоок комплексинде айрым оңдоолор ишкерлерден кошумча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен гана жүргүзүлгөн. Бул боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлү.