5-февралда Бишкекте №226 автобуста контролерго кол көтөрүү болгон. Анда, төлөмдөрдү көзөмөлдөп жүргөн кондукторго эркек киши пенсионер аялдын жеңилдик картасын көрсөтүп койгон. Контролер картаны аларда жүргүнчү аны көздөй жулунуп, бири-бирин жөөлөшүп калган.
«1960-жылы туулган жаран тергөө кызматына жеткирилген. Свердлов райондук сотунун чечими менен ал Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинде (майда бейбаштык) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 55 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, 5 миң 500 сом айып салынган. Ошондой эле профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү»,- деп билдиришти Свердлов РИИБден.