7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандык ди-джей Иманбек Зайкенов «Grammy» сыйлыгын алды

760

Казакстандык ди-джей, аранжировкачы Иманбек Зайкенов ырчы Saint Jhn аткарган Roses ырынын ремикси үчүн “Грэмми” сыйлыгын алды. Бул тууралуу муызкант өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Ырчынын карьерасындагы эң жагымдуу учур – Grammy сыйлыгын алуу жана биз аны кылдык!”-деп сүйүнчүлөдү ал.

Музыканттын айтымында Roses чыгармасынын ремиксин жасоого ал 2 саат 20 мүнөт короткон. Ырдын оригиналын америкалык рэпер Saint JHN аткарган, бирок, башында анын ыры анчалык популярдуулукка жеткен эмес. Качан гана 2019-жылы казакстандык Иманбек бул ырдын ремиксин жазганда ырдын оригиналы кошо күйөрмандардын жүрөгүнөн орун тапкан.

Иманбектин бийге ылайык жазылган ремикси дүйнөлүк Shazam чартына жайгашкан жана америкалык Billboard чартында алдыңкы орундарды багындырган. Андан соң Иманбек орусиялык Effective Records үн жаздыруучу студия менен келишим түзгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

761