7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын Орал шаарына Кыргызстандын гумжардамы жетти

546

Суу каптоодон жабыркаган элге багытталган жардам Казакстандын аймагында Жамбул – Түркестан – Кызылорда – Актөбө облустарын аба ырайынын ар кандай шарттарына карабай, күнү-түнү басып өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Анын ичинен 4 оор жүк ташуучу унаадагы жардамды жерине жеткирүү, таркатуу милдетин өзүнө алган Өзгөчө кырдаалдар министрлигиинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын кызматкери Замир Нарчаев жеткирди.

Ал Орал шаарында атайын жардамды кабыл алуу жайына куткаруучулардын, шаар тургундарынын жардамында болжол менен 80 тонна жүк түшүрүп, ошондой эле казак элинин жашоосу өз нугуна кайтуусун, кырдаалдан тез арада чыгууну тилек кылды.

Белгилей кетсек, 9-апрелде Костанай облусуна 3, Актөбө облусуна 4, Орал (Уральск) облусуна 4, Атырау облусуна 4 жардам кербени багыт алган.

547