Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызсматы билдирди.
«Бүткүл мусулман үммөтүнүн ыйык тутуп, адептүүлүккө жана жакшылыкка, мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка чакырган Орозо айт майрмы биримдикти жана молчулукту алып келсин», — деп айтылат куттуктоодо.
Нурсултан Назарбаев Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, жооптуу кызматында чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тилектештикти жана гүлдөп-өсүүнү каалады.