7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын, Өзбекстандын президенти кыргыз элин куттуктап, бакубатчылык каалады

470

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Биздин боордош элдерибиз эзелтеден бери келе жаткан бул майрамды ынтымак менен биримдиктин салтанаты, жан аябас жакшылыктын жана бакыттын элеси катары өзгөчө жылуу маанай менен тосуп алат. Нооруздун жаркын күндөрү бизге жылуулук тартуулап, ынтымактуу мамлекеттерибизге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү тартууласын.

Биргелешкен күч-аракеттердин аркасы менен бекем достукка жана ынак коңшулукка негизделген казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жакын элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берерине ишенем.

Нооруз ар бир үйгө ырыскы, гүлдөп өнүгүү алып келсин!” — деп айтылат Казакстандын президентинин куттуктоосунда.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго Кыргызстандын жаркын келечеги жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн бардык жакшы иштерде чоң ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

Өзбекстандын президентинин куттуктоосунда, 

 «Тарыхы, маданияты, тили жана дини бир боордош элдерибиз адамдарды руханий жактан бириктирген, жүрөктөрүндө улуу сапаттарды ойготкон, гумандуулук, боорукердик идеяларын камтыган Нооруз майрамын кылымдар бою чыдамсыздык менен күтүп, кубаныч менен белгилеп келет. Биздин дос өлкөлөрүбүздүн ортосунда бардык деңгээлде жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу — өзбек жана кыргыз элдеринин жалпы жыргалчылыгын камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал болуп кызмат кылып жатканы бизди чексиз кубандырат. Биздин бекем саясий эркибиздин аркасы менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк маанайындагы өзбек-кыргыз мамилелери мындан ары да ырааттуу өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы жеңиштерди, ал эми көп улуттуу кыргыз элине тынчтык жана прогресс каалады.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

471