7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жаңылануунун майрамы күч-кубат берсин!» Президент кыргызстандыктарды куттуктады

395

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди жаратылыш жанданып, мезгил ырааты алмашып, жаңылануунун жана жаңы жашоого умтулуунун белгиси болгон Нооруз элдик майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Кылымдарды карытып, ар жылы көктөмдүн келишин утурлай майрамдалып келаткан Нооруз майрамын белгилөө салты кыргыз элинин дүйнө таанымынын кеңдигин, маданиятынын көөнөлүгүн жана руханий мураска ээ экендигин айгинелеп турат.

Улустун улуу күнү атыккан бул майрам баарыбызды жаратмандыкка жетелеп, өсүп-өнүгүүгө күч-кубат тартуулайт.

Тарых-таржымалы нечендеген кылымдардын түпкүрүнө алып бара турган жаңы жыл башаты – жалпы элдик майрам, өлкөнүн туруктуулугун, ынтымагын, элдердин достугун чыңдоого өбөлгө болгон улуу күн.

Нооруз элибиздин бай маданияты менен улуу нарк-насилинин тээ тереңден келгендигин туюндуруп, аруулук, мээримдүүлүк, кол суна билүү сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарын эске салат.

Жаз чакырган жаркын майрамыбыз дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда өзгөчө мааниге ээ. Бул бизге бейпил турмуштун, береке-куттун канчалык маанилүү экенинен кабар берет. «Ынтымак бар жерде – ырыс бар» деген сөздүн мааниси так ушунда жатат.

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди дагы бир жолу жаз жышааны – Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Жаздын, жаңылануунун жана жаратмандыктын майрамы бизге илгери үмүт болуп, күч-кубат берсин!

Нооруз ар бир үйгө токчулук, молчулук алып келсин!

Өлкөбүзгө өнүгүү, элибизге бакубат турмуш каалайм!”- дейт өлкө башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

396