7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанга жарандарды мыйзамсыз алып өтүү менен алектенген топ кармалды

170

Кыргызстандын чек арасы аркылуу Казакстанга чет өлкөлүк жарандарды системалуу түрдө мыйзамсыз алып өтүү менен алектенген адамдардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда Ысык-Ата районунун аймагында Кыргызстандын чек арасынан Казакстанга мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Пакистан Ислам Республикасынын 3 жаранын, ошондой эле бул мыйзамсыз миграциянын туруктуу каналынын уюштуруучулары Эл аралык медициналык университеттин Медицина факультетинин 5-курсунун студенти Пакистандын “U.N.” аттуу жаранын жана Кыргызстандын “Т.Э.Т.” аттуу жаранын кармашты.

Мындан тышкары, Кыргызстанга Пакистан Ислам Республикасынын 3 жаранын турист катары киргизген мыйзамсыз миграциялык каналдын кошумча катышуучулары аныкталып, алар да кармалган. Уюштуруучулар жарандарды Казакстанга өткөрүү үчүн 1700 АКШ долларына чейин каражат алышкан.

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети боюнча Пакистан Ислам Республикасынын үч жаранына карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде кылмыш иши козголсо, мыйзамсыз миграцияны уюштуруучуларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (“Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу”) негизинде кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Пакистан Ислам Республикасынын 7 жараны 2 айлык мөөнөткө ЖАКнын №1 тергөө абагына камалды.

Учурда издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

171