7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанга контрабандалык жол менен ташылып бара жаткан 89 куту тамеки кармалды

780

Тамекини Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Кыргызстандан тамеки аткезчилигинин ири партиясын мыйзамсыз коңшу Казакстанга алып чыгуу аракетинин алдын алынып ага бөгөт коюлду.

22-май күнү Кыргызстандан Казакстанга чыгып кетип жаткан учурда «Чоң-Капка» унаа жолу бекетинен А.Р.А. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркалары жана уруксат берүү жөнүндөгү коштоочу документтери жок 89 куту тамеки буюмдары табылган.

Учурда УКМК тарабынан салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул мыйзамсыз ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

781