Тамекини Казакстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандан тамеки аткезчилигинин ири партиясын мыйзамсыз коңшу Казакстанга алып чыгуу аракетинин алдын алынып ага бөгөт коюлду.
22-май күнү Кыргызстандан Казакстанга чыгып кетип жаткан учурда «Чоң-Капка» унаа жолу бекетинен А.Р.А. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы жүк ташуучу унаа кармалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө акциздик маркалары жана уруксат берүү жөнүндөгү коштоочу документтери жок 89 куту тамеки буюмдары табылган.
Учурда УКМК тарабынан салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндө келтирилген зыяндын өлчөмүн жана бул мыйзамсыз ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.