Кумтөрдү канадалык “Центерра голд” компаниясы иштеткен 28 жылда, 410 тоннадан ашык алтын казып Кыргызстандан чыгарып кеткен. Казылган алтындан 1 грамм дагы мамлекетке калган эмес. Бул аралыкта өлкө казынасына үлүштүк кирешеден болгону 100 млн доллар гана пайда түшкөн.
Кумтөр алтын кени мамлекетке өткөндөн кийин, тактап айтканда 2022-жылга карата үлүштүк кирешеден эле 140 млн доллар пайда калган. Чет элдик компания 28 жылда берген пайдадан 1,5 эсе көп үлүштүк кирешени бир жылда таптык.
Мындан тышкары салыктар, социалдык салымдар, кирешенин башка түрлөрү бар. Эң негизгиси казылган алтын толугу менен мамлекеттин казынасында элдин байлыгы болуп сакталып турат.