7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Ысык-Көл: Түптүн 3 айылында сел жүрдү

196

7-августта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагына караштуу айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча саат 16:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулары Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптагандыгы  тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде маалыматты тактоо, аныктоо максатында Түп райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Учурда аталган айылдарда 41 куткаруучу иш алып барууда. Мында  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1 жүктөгүчү жана 3 экскаватору тазалоо иштерин аткарып жатат.

Ал эми сел сууларын тазалоо үчүн Балыкчы, Каракол шаарларынын суу сордуруучу мотопомпалары жана авариялык-куткаруу унаасы, оор жүк ташуучу 3 ХОВО унаасы тартылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

197