7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кең-суу айылында ипотекалык батирлердин курулушу башталды

202

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн аймактарында көп кабаттуу турак жайларды куруу долбоорлорун ишке ашырууда. Бул багыттагы долбоорлордун бири Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында курулуп жаткан “Хан-Теңири-6” турак жай комплекси болуп саналат.

Иш-чарага Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты. Ал өз сөзүндө калкты турак жай менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
“Президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн бардык аймактарында жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул максатта турак жайлар ири шаарларда гана эмес, райондордо жана алыскы айылдарда эми курула баштайт. Белгилей кетсек, буга чейин алыскы аймактарда мындай үлгүдөгү көп кабаттуу турак жайлар сейрек курулуп келген. Бүгүнкү күндө аймактарда заманбап турак жай комплекстеринин курулушу өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейип жатканын жана калкты сапаттуу турак жай менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин көрсөтөт, — деп кошумчалады.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

203