«Кыргызкөмүр» ААКнын башкы директорунун орун басары Т. Скандербеков «Кара-Кече» филиалындагы 24,9 млн сомдук финансылык мыйзам бузууларга байланыштуу кызматтан бошотулду.
Ички аудиттин жүрүшүндө «Кара-Кече» филиалында кассалык тартиптин одоно бузулуштары аныкталган.
Мыйзам бузуунун маңызы:
2025-жылдын аягына карата филиалдын беш кызматкеринин атына 24 924 722,59 сом өлчөмүндө жасалма дебитордук карыз катталган.
Схема:
2025-жылдын 1-апрелинен тартып жетекчилик тарабынан накталай акча жүгүртүүгө киргизилген расмий тыюуну айланып өтүү максатында, касса жабылган күнү көрсөтүлгөн сумма толугу менен аталган кызматкерлерге «отчет алдында» берилген. Жыл аягына чейин алар тарабынан эч кандай аванстык отчеттор тапшырылган эмес жана миллиондук карыз жабылбай калган.
Кошумча маалымдайбыз: Нарын облусу боюнча УКМК башкармалыгы тарабынан «Кара-Кече» участогундагы ачуу иштеринин көлөмүн негизсиз көбөйтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча келтирилген зыяндын көлөмү 50 млн сомдон ашат.
Кадрдык чечимдер:
Аталган мыйзам бузуулар толугу менен Талант Скандербеков «Кара-Кече» филиалын жетектеп турган мезгилде орун алган. Кийинчерээк ал «Кыргызкөмүр» ААКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалган.
2026-жылдын 3-июнундагы аудитордук отчеттун негизинде компаниянын башкы директору Р.К. Садыралиев 2026-жылдын 24-июнунда №01-6-3/55 буйрукка кол коюп, Скандербеков Т.С. 2026-жылдын 25-июнунан тартып кызматтан бошотулган. Негиз катары эмгек милдеттерин бир жолку одоно бузуу жана сыноо мөөнөтүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп табылганы көрсөтүлгөн.
Өз кезегинде Скандербеков Т.С. буйрук менен таанышып, бирок чечимге макул эместигин жазуу жүзүндө билдирген. Текшерүүнүн материалдары акыркы укуктук баа берүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүлүп берилүүдө.



