7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: «Казарман ГЭСтер каскады – өлкө тарыхындагы эң ири долбоорлордун бири»

8

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунда “Казарман ГЭСтер” каскадын курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин жана ушул байлыкты өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кызмат кылдыруучу жаңы доордун босогосунда турганын баса белгиледи.

“Республика боюнча жылына жүздөп ачылып жаткан өнөр жай ишканалары электр энергиясын көп талап кылат. Бизде ири заводдор фабрикалар мындан ары дагы көп ачылат. Бул муктаждыкты ушундай ГЭСтер, күн, шамал сыяктуу энергиянын кайра жаралуучу булактары берет”, — деди Президент.

Ал “Казарман ГЭСтер” каскады Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болуп каларын айтты. “Ала-Буга”, “Кара-Булуң-1”, “Кара-Булуң-2” аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу – 912 мегаватт. Бул ГЭСтер каскадынын жылдык электр кубатын өндүрүүнүн орточо көлөмү 3,75 млрд киловатт сааттан ашат. Инвестициянын көлөмү 3 млрд АКШ долларына жакын каражатты түзөт. Долбоор “Орта Азия Инвестмент Холдинг” ачык акционердик коому менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылат.

“Бүгүн пайдубалы түптөлүп жаткан “Казарман ГЭСтер” каскады долбоорун Кыргызстандын энергетикалык келечегин аныктаган стратегиялык долбоор катары карашыбыз керек. Ал колдонууга берилгенде өлкөбүздүн энергетикалык дарамети дагы да жогорулап, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жана келечек муундардын бакубат жашоосуна кызмат кылат деп ишенем”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле долбоорун ишке ашырууга инвестор катары катышкан Түркия Республикасынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Президент белгилегендей, Кыргызстан гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында ири долбоорлорду ишке ашыруу менен энергетикалык көз карандысыздыгын ырааттуу бекемдеп жатат. Өлкө боюнча чакан жана орто гидроэлектр станцияларынын, күн жана шамал электр станцияларынын курулуп, ишке киргизилип жатат, «Камбар-Ата-1» ГЭСинин стратегиялык долбоорун ишке ашыруу уланууда, ошондой эле аймактарда жаңы энергетикалык объектилер курулууда.

“Азыркы учурда Сары-Таш, Капчыгай чакан гидроэлектр станцияларын, кубаттуулугу 145,8 МВт түзгөн Чаткал ГЭСтер каскадын куруу боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Бул долбоорлорду ишке ашырууу аяктагандан кийин электр энергиясынын азыркы тартыштыгы жоюлбаса дагы, жоюу багытына түшөбүз”, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал акыркы беш жылда өлкөдө 50гө жакын чакан жана орто гидроэлектр станциясы курулганын, учурда дагы 50гө жакын ГЭСтин курулушу жүрүп жатканын, ошондой эле күн жана шамал электр станцияларынын курулушу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.

“Энергетиканы өнүктүрбөй туруп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу мүмкүн эмес. Өнөр жай ишканалары да, социалдык объектилер да ишенимдүү электр энергиясы жок иштей албайт.

2020-жылы биз бийликке келгенде, кыш мезгилинде өлкө болжол менен 3 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоп турган. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 4 млрд кВт саатка чейин өстү. Жаңы гидроэлектр станциялардын курулушуна, ошондой эле күн жана шамал электр станцияларынын ишке киргизилишине карабастан, электр энергиясына болгон суроо-талап жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпинен ашып кетүүдө. Акыркы үч жылдан бери жылына жүздөгөн завод-фабрикаларды ишке киргизип жатабыз. Анан андан дагы көп социалдык объекттер курулуп жатат. Ушулардын бардыгы электр энергиясын талап кылат. Ошондуктан биз дефицитти кубалап жете албай жатабыз», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, “Казарман ГЭСтер” каскадынын курулушун 2031-жылга чейин бүткөрүү пландалууда. Объект ишке киргизилгенден кийин, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу аяктагандан соң, Кыргызстан өзүнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын толук канааттандырып гана тим болбостон, коңшу өлкөлөргө электр энергиясын жеткирген экспорттоочу мамлекет боло алат.

Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашты.

9