7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кечээ балдар аянтчасында табылган 2 жашар баланын ата-энеси изделүүдө

1582

Кечээ, 12-апрелде Бишкектеги 3-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн №19 дарегинин короосундагы балдар аянтчасынан табылган баланы дагы деле эч ким алып кете элек. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бала убактылуу балдарды кароо үйүнө жайгаштырылды. Учурда ата-энеси изделип жатат.

«Социалдык тармактарда баланын энеси табылды делген маалыматты тастыктай албайбыз. Бул боюнча эч ким полицияга кайрылган эмес», — деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, кечээ балдар аянтчасынан азиат түспөлүндөгү эки жашар бала табылган. Кийинчерээк социалдык түйүндөрдө апасы полицияга кайрылып, дааратканага кеткенде адашып кетиптир деген билдирүү жибергендиги тууралуу маалымат тараган. Анда ал баланы эртең алып кетем деп убада берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1583