Сокулук райондук Ички иштер башкармалыгы жарандарга кайрылып, 2004-жылы туулган Тыныбекова Рахат Кубатбековнаны издөөгө көмөктөшүүнү өтүнөт. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 2020-жылы 2-ноябрда ИИБге эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Рахат Тыныбекованы издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал Гавриловка айылындагы ата-энесинин үйүнөн 14-октябрда чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тыныбекова – Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну экени, ал апасы каза болгонуна байланыштуу чоң ата-чоң энесинин колунда чоңойгону, буга чейин дагы бир канча жолу үйдөн качып кетип жүргөнү жана Өзгөн райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүндө каттоодо турган.
Былтыр декабрь айында туугандарына байланышка чыгып, тынч коюуну өтүнгөн.
“Ушуга байланыштуу Сокулук райондук ИИБ Тыныбекова Рахат жөнүндө кандайдыр бир маалыматы бар жарандарга төмөнкү номерлер аркылуу Ички иштер органдарына билдирип коюну өтүнөт: Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмү 0312 60 75 67, 03134 5-33-57, издөө тобу – 0558 86 14 86, 0709 35 35 29”,-деп айтылат билдирүүдө.