Ысык-Көлдө балык уулоого кетип, дайынсыз жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жоголгон жаран Ысык-Көл облусунун Түп районунун Маяк айылынын 1956-жылы туулган Б.А. аттуу жараны болгон.
«10-апрель күнү саат 17:30 чамасында көлгө балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Кечээ жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Түп районунун бөлүм башчысы, Каракол шаардык №15 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу, ИИМнен 8 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 19:00до убактылуу токтотулду. Издөө иштери 13-апрель күнү улантылат», — деп берилет маалыматта.