7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Келин өзүнө келе албай каза болгон. Үй-бүлөдө чыр чыгып, аялдын өлүмү менен аяктады

490

Бишкекте үй-бүлөдө чыр чыгып, аялдын өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Ленин РИБИден билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-ноябрда саат 07:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына ооруканадан кабар түшүп, бычакталган келиндин өзүнө келбей каза болгону айтылган. Аталган факты боюнча териштирүү башталган.

Бишкек шаарынын Шералиев көчөсүндөгү үйдө эртең менен 1997-жылы туулган келин менен 1990-жылы туулган күйөөсү уруша кеткен. Кесепетинен экөө тең бычактан жаракат алып, туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген. 27 жаштагы келин алган жаракатынан каза болуп калган. Ал эми 34 жаштагы жолдошу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда тергөө уланууда.

 

 

491