Кечээ, Кемин райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Кемин райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилери менен бирдикте райондо жайгашкан суу бөлүштүрүү жайлардын абалын, райондогу дыйкандардын сугат суусу менен камсыздалышын жеринен карап чыкты. Дыйкандар үчүн маселе жаратып жаткан сугат суусунун көлөмү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жалпы дыйканчылыктагы оор кырдаалды ынтымак, менен кезектешип, биримдик жана сабырдуулук менен иш алып барууга чакырды.
Ошондой эле, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Жумаев өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышып, «СМ Капитал» ЖЧКсында жана Кеминдеги мунайды кайра иштетүүчү заводун көрүп, иштин жүрүшү менен таанышып чыкты. Мындан тышкары жеке ишкер В.А.Пятибратовдун асыл тукум чарбасында болду.
Дыйканчылык мезгилиндеги сугат суусун бөлүштүрүү, үзгүлтүксүз жеткирүү Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын көзөмөлүндө.