Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Анда ипотекалык компаниянын маанилүү милдети катары жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоо болуп саналаары айтылды.
«Сунушталган программага ылайык, пайыздык босого 4% чейин кыскартылат, алгачкы төлөм талабы алынып салынган. Мунун бардыгы жакшы шарт. Бирок программаны кабыл алуу алдында бардык тобокелдиктерди карап чыгып, негизгиси – каржылоо булактарын аныктоо зарыл. Компания «ортомчулук» кылуудан кетип, уюмдун ишинин принцибин толугу менен өзгөртүүсү тийиш. Негизги максат –жарандар иш жүзүндө жеткиликтүү турак-жайды алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү тийиш», — деп белгиледи Улукбек Марипов.
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК башкармалыгынын жетекчиси Аида Төлөгөнова билдиргендей, турак-жайды ижарага алуу менен кийинчирээк сатып алуу механизмин өнүктүрүү боюнча иш жүрүүдө.