Кечээ, 10-май күнү саат 09:53 чамасында Кемин районунун Кичи-Кемин айылында унаа кырсык катталып, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, айылдын Бектенов көчөсүндө «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен «Ауди C4» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 1958-жылы туулган 1 адам жеңил жаракат алган. Ал тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилди.