Ысык-Көл районунда 1 млн 173 миң 634 сом акча ыйгарып алган сот аткаруучулардын бети ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сот аткаруучулар кызматынын айрым жооптуу кызматкерлери соттун чечими боюнча Кара-Ой айылында жайгашкан пансионаттардын биринин мүлкүн сатып, сатылган мүлктөн мамлекетке чегерилүүчү 10 пайыздык сумманы өздөрүнө сиңирип алышкан.
«Келтирилген прокурордук актынын негизинде зыян толугу менен ордуна коюлду. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө», — деп берилет маалыматта.