Чоң- Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Чак, Жаш- Тилек айылдарын туташтырган көпүрө кооптуу абалда калууда. Облус жетекчиси жерине барып, жаңы көпүрө курулаарын убада кылды.
Мындан сырткары Кызыл-Суу дарыясы бир канча кичи көпүрөлөр менен Сары-Таш-Карамык эл аралык маанидеги автожолунунун 116-117-чакырымындагы бөлүгүнө кооптуулук жаратат.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдраимов Чоң- Алай, Алай райондоруна иш- сапар менен барып, жеринен таанышты.
“Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли акыркы жолу 1982-жылы көтөрүлгөн экен. Акыркы күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам деңгээли дагы көбөйүп, кооптуу аймактар жаралыптыр. Алгач, 2017-жылы пайдаланууга берилген көпүрөнү көрдүм. Ал сапатсыз курулганы көрүнүп турат. Мен азыр тапшырма бердим, көпүрөнү курган компанияны алып келип, кайрадан сапаттуу көпүрө курдурабыз. Ал эми Сары-Таш-Карамык жолунун 116-117-чакырымына 300 метрлик дамба орнотобуз. Ошондо эл аралык маанидеги жолубуз кооптонууга негиз калбайт. Ошондой эле, Кызыл- Суу дарыясы менен да таанышып, ӨКМ кызматкерлерине сунуш кылдым. Бетондон тосмо орнотсок, селдин алдын-алабыз”,-деди Жарасул Абдураимов