7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбек тарап чек ара чырын турукташтырууга ар тараптан көмөктөшүүгө даяр

477

Бүгүн, 11-майда КЭР Сиань шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

Министрлердин айтымында, чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана чечилиши керек.

Өзбекстандын ТИМ башчысы А.Камилов өзбек тарап жаңжал аймагындагы абалды турукташтырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Жетишилген келишимдерди андан ары жүзөгө ашыруу жана кыргыз-өзбек мамилелердин динамикасын бекемдөө максатында Руслан Казакбаев Өзбекстандын министри Абдулазиз Камиловду расмий иш сапары менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары 2021-жылы Кыргызстанда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусун өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

478