Бүгүн 11-майда Жалал-Абад ШИИБинин демилгеси менен Жалал-Абад шаарында лөлү тектүүлөргө “Кайырчы» аталышындагы рейд жүрүүдө.
Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп жаткан рейд шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып, коомдук жайларда тилемчилик кылгандардын алдын алуу максатын көздөйт.
Жалал-Абад ШИИБи коомдук жайларда шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткан 20 лөлү тектүү ата-энени колунда жаш балдары менен каттоого алган.
Алардын ичинен 5 жаран 2 жаш өспүрүм менен Өзбекстан Республикасынан келгени белгилүү болду. Учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.