Кеминде Дэу Нексия унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ударник айылында 2004-жылы туулган С.Т. аттуу бала жана бир кыз каза болуп, дагы 3 өспүрүм балдар жабыркаган.
Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда алардын аты-жөнү такталууда.