7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминдеги жол кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болду

364

Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылында 52 жаштагы адам кырсыктан көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2-феврал күнү саат 19:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 80-чакырымында “MAN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Мерседес бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен 1969-жылы туулган эркек киши ошол жерде каза болуп, дагы бир адам жаракат алган. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабырлануучу тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

365